Чехия: Украинадан качкан кыргызстандыктар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Согуш башталгандан бери украин жерегесинде жашаган Кыргызстандын 400дөй жараны үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетүүгө үлгүрдү. Алар Польша, Венгрия, Чехия жана башка мамлекеттер аркылуу мекенине кайтууда. Бирок ортодо жарандардын документтериндеги алешемдиктердин жана авиабилеттин айынан ара жолдо кармалып калгандар арбын. "Азаттыктын" журналисттери Чехиянын Кутна Хора шаарында убактылуу башпаанектеп турган мекендештерден кабар алып келди.