Талас: Добуш сатып алууга шектүүлөрдүн иши сотто каралууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта парламенттик шайлоо маалында добуш сатып алууга шектелген эки адамдын иши сотто каралып жатат. Бул тууралуу 11-мартта "Азаттыкка" облустук соттун маалымат катчысы Эрбол Балыбаев билдирди.

Ишти Талас шаардык соту кароодо, кезектеги отурум 15-мартка белгиленди.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоого №21 бир мандаттуу Талас округунан катышкан Бактыбек Чойбековдун пайдасына добуш сатып алууга шектелген эки адамга карата Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” деген беренесинин негизинде иш козголгон.

Айыпталуучулардын бири Талас шаардык кеңешинин депутаты экенин айтып, коюлуп жаткан доодо эч кандай далил жоктунун билдирген.

Милиция Чойбековго байланыштуу 12 арыз түшкөнүн маалымдаган. Добуш сатып алуу болгону тууралуу арыз менен прокуратурага Талас шаарынын тургуну Аскар Исабеков кайрылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-декабрда Талас округунун жыйынтыгын расмий жарыялап, Бактыбек Чойбековду 9773 добуш менен жеңүүчү деп тааныган. Ал 29-декабрда ант берип, азыр депутаттык ишин жүргүзүүдө. Анын тарапкерлери шайлоо маалында мыйзам бузуу болбогонун билдиришкен.

2021-жылы Кыргызстан президенттик башкарууга өтүп, парламентти шайлоо системасы өзгөргөн. Буга чейин Жогорку Кеңеште 120 орун болсо, жаңы системага ылайык 90 мандат аныкталган. Анын 54ү партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат. (MKt)

Дагы караңыз

"Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Киевдин сыртында ракета чабуулунан жарадар болдуУкраинанын Мариуполь шаарына гуманитардык коридор ачылатБашкы прокуратура жанын кыйган мугалим тууралуу билдирүү жасадыУкраинанын элчиси Бишкекте калган себебин түшүндүрдү