"Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Киевдин сыртында ракета чабуулунан жарадар болду

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын кабарчысы Марьян Кушнир.

11-марттын таңында орусиялык күчтөрдүн Киевдин четиндеги ракета чабуулунан бир нече адам жарадар болду. Алардын арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматынын кабарчысы Марьян Кушнир да бар. Чабуулдан так канча киши жараат алганы такталууда. Каза тапкандар жок. Дарыгерлер журналист Кушнирге контузия деген диагноз коюшту.

Кушнирдин айтымында, окуя таңкы саат 3төр чамасында Киевден чыгышты көздөй 35 чакырым алыстыктагы Барышевка шаарчасында болгон. Журналист украин күчтөрүнүн коштоосунда аймактагы кырдаалды чагылдырып жүргөн.

Кушнир 2015-жылдан бери "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун кабарчысы болуп иштеп келет. Ал 24-февралдан бери Орусиянын Украинадагы чабуулунун жеринен чагылдырып жатат.

Соңку күндөрү Орусиянын армиясынын Киевдин айланасындагы чабуулдары күчөдү. Орус күчтөрү украин баш калаасын курчоого алууга аракет кылып жатат. Украин армиясы бул чабуулдарга катуу каршылык көрсөтүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Орусия кол салгандан бери Украинадан чет өлкөгө качкан адамдардын саны 2,5 миллионго жетти.

Дагы караңыз

Украинанын Мариуполь шаарына гуманитардык коридор ачылатБашкы прокуратура жанын кыйган мугалим тууралуу билдирүү жасадыУкраинанын элчиси Бишкекте калган себебин түшүндүрдүБишкектин ири дүкөндөрү негизги азыктарга чектөө киргизишти БУУ: Украинадан 2,5 миллион киши чыгып кетти