Жалал-Абад: Үч жыл токтоп турган ири завод кайра иштей баштады

Жалал-Абад. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда өсүмдүк майын өндүрүүчү жалгыз ири ишкана кайрадан иштей баштады. Үч жыл мурда токтоп калган "Дома-Ата" ишканасын кайра жандандыруу долбоорун жеке ишкерлердин бири жүзөгө ашырып жатканы маалым болду.

Заводдо жалпысынан 72 жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болду. Ишкананын өндүрүш кубаттуулугу – бир күндө 80 тоннага жакын көлөмдөгү өсүмдүк майы. Азырынча күнүнө 30 тонна май чыгарылып жатат.

Керектелүүчү сырье Орусиядан жана Казакстандан алынып келип, өндүрүлгөн май Жалал-Абад жана Ош облустарына сатылууда.

Сузак районунун аймагында жайгашкан, 2019-жылдан бери токтоп турган завод буга чейин күн карама, пахта майын жана кир самын чыгарчу. (TB)

Дагы караңыз

Кочкордо Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылдыИнтернеттеги баңги бизнеси Алмаз Исманкуловдун медициналык борбору 214 миң сом ижара акы төлөп келгенБаткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын жолугушуусу өттү