Сүткорлукту чектөө мыйзамынын аткарылышы талкууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

“Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” мыйзам тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатканы тууралуу чечим бүгүн 11-мартта Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында кабыл алынды.

Депутаттар банктар элдин каржылык сабатсыздыгынан пайдаланып, насыянын пайыздык үстөгүн иш жүзүндө 60-70% кылып төлөтүп алып жатканын, күрөөканалар өзүлөрү насыяны 15-30% менен алып, кардарларга 240% менен берип жатышканын айтып, көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылышты. Ошону менен катар алар мамлекеттик банктардын насыя берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана атаандаштык шартын түзүп берүү керектигин айтышты.

Депутаттардын суроолоруна жооп берген Улуттук банктын төрага орун басары Манас Жакыпов сүткорлукту чектөө боюнча иш жүрүп жатканын, насыя алуучуларды коргоо чаралары көрүлгөнүн, банктардын бардык маалыматы кардарлар үчүн ачык болуусуна көзөмөл жүргүзүлүп турарын айтты.

Сүткорлук (пайда табуу үчүн карызга акча берүү) ишти чектөө жөнүндөгү мыйзам Кыргызстанда 2013-жылы кабыл алынган. Анын максаты – насыялардын пайыздык ченин адилеттүү аныктоону камсыз кылуу аркылуу кардарлардын укуктарын коргоо. (RK)

Дагы караңыз

Украина бир катар өлкөлөрдү Орусиянын МИР карталарын тейлебөөгө чакырдыИнтернет аркылуу гүлдөгөн баңги бизнеси Он балалуу эненин түйшүгү, ниети, арманыУлуттук банк: Насыя боюнча пролонгация чаралары каралууда