Улуттук банк: Насыя боюнча пролонгация чаралары каралууда

Улуттук банктын имараты.

Өкмөт доллар менен насыя алгандарга пролонгация (төлөө мөөнөтүн жылдыра туруу) мүмкүнчүлүгүн берүү жолдорун караштырып жатат. Бул тууралуу 11-мартта Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын отурумунда маалымат берип жатып Улуттук банктын төрага орун басары Манас Жакыпов билдирди:

«Ооба. Азыр иштеп жатабыз. Экономика министрлиги менен, мамлекет менен конкреттүү чараларды сунуш кылып жатабыз».

Жакыповдун айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда насыя алгандардын арасында акчаны доллар менен алгандар 28% түзөт.

Өкмөт коммерциялык банктардан өндүрүш максатында доллар менен насыя алган кардарларга жардам берүү планын түзүп жатканын 10-мартта Жогорку Кеңеште экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирген.

Кыргызстанда акыркы жолу доллардын кымбаттоосу коронавирус пандемиясы башталганда болгон. 2020-жылдын мартына чейин бир нече жыл 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар 85 сомго жетип, бул көрсөткүч акыркы убакта туруктуу кармалып турган.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери доллар кайра кымбаттап, бүгүн, 11-мартта акча алмаштыруучу жайларда 105-106 сом болууда. Улуттук банктын бүгүнкү күнгө карата аныкталган расмий курсу 103 сом. (RK)

Дагы караңыз

Назарбаевдин Түркиядан көрүнгөн "карааны"Орусия дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салдыКочкордо Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылдыУкраина: орус аскерлери кеминде 93 туткунду өлтүргөн