Сокулук районунда төлөм терминалдарын уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Февраль айында Сокулук райондук милициясына эки жаран азык-түлүк саткан дүкөндөрүнө белгисиз адамдар кирип, акча жана төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдарды уурдап кеткенин билдирген.
Биринчи факты боюнча 4 миң сом жана ичинде 44 миң сомдон ашык акча каражаты бар териминал, экинчи факты боюнча 29 миң сом жана жалпы баасы 1 миллион сомдук терминал уурдалганы аныкталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурулукка шек саналып 2001-жылы туулган С.Э. жана 1999-жылы туулган Т.Ч. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасында түндө дагы ок атышуу болдуТаңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Таңкы Азаттык Чек арадагы атышуу: Баткенде кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтөт