Октябрь окуясы боюнча сот 18-мартка жылды

2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча соттук отурум 18-мартка жылды. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу жараянга келе албаганы себеп болгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылы октябрь айындагы окуялар боюнча ишти 2021-жылы 8-октябрда карай баштаган. Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө бөлүнгөн.

Бул иш боюнча 2021-жылы камакка алынган Жеңиш Молдокматов менен Курсан Асанов үй камагына бошотулган.

Дагы караңыз

Экономика министрлиги: Кыргызстанда баалар туруктуу туратУлуттук банк эсептик ченди 14 пайызга көтөрдүБУУ: Украинада жайкын тургундардан 516 киши набыт болуп, 908и жараат алдыБишкектеги №47 түзөтүү мекемеси бузулат