Расмий маалыматка караганда, Мариуполдогу төрөткана менен балдардын ооруканасын бомбалоодон кеминде үч киши, арасында ымыркай кыз каза тапты, жарадар болгон 17 кишинин арасында дарыгерлер бар.
Шаардык кеңеш "Телеграм-каналына" "орус күчтөрү Мариуполдун калкын атайлап, ырайымсыз жок кылып жатканын", орус армиясынын тогуз күндөн берки блокадасында 1 миң 200 тургун өмүр менен кош айтышканын жазды.
Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.
Эксперттер Мариуполдогу кан төгүү Анталия шаарында өтүп жаткан үч тараптуу жолугушууда чыңалууну күчөтөрүн айтып жатышат. Украина, Орусия жана Түркиянын тышкы иштер министрлери кездешкенден кийин ар бири өз-өзүнчө басма сөз жыйын өткөрөрү күтүлүп жатат.
Украин жана орус министрлери Дмитрий Кулеба менен Сергей Лавров согуш башталгандан бери жолугуша элек болчу. Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бул сүйлөшүү эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусуна карай кадам таштоону максат кыларын билдирди.
РБК-Украина агенттиги маалымдагандай, Кулеба ок атууну токтотуу, оккупацияланган аймактарды бошотуу жана гуманитардык маселелерди чечүү талаптары коюларын буга чейин айткан.
10-мартта Украинанын Сумы шаарынан элди “гуманитардык коридор” менен эвакуациялоо уланды. Орусия менен ок атышпоо режими тууралуу макулдашуунун алкагында ушул аптада миңдеген киши шаардан коопсуз жайларга чыгарылды. Губернатор Дмитро Живицкийдин айтымында, дагы эки шаарчанын тургундары да эвакуацияланууда.
Дагы караңыз
Менчик бала бакчалардын баары текшерилетДоллар менен насыя алгандарга жардам берүү планы иштелип чыгуудаОктябрь окуясы боюнча сот 18-мартка жылдыЖогорку Кеңеште өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланып жатат Экономика министрлиги: Кыргызстанда баалар туруктуу турат