Жогорку Кеңеш валюта базарындагы абалга байланыштуу Улуттук банктын маалыматын угат. Бул маселе парламенттин 10-марттагы отурумунда көтөрүлдү.
Депутат Айбек Маткеримов: “Улуттук банкты чакыралы. Анткени бүгүн эртең менен доллар 102 сом болуптур. Элден “Канчага өсүп барат? Кандай жумуштар аткарылып жатат?” деген кайрылуулар түшүүдө. Маалымат алсак жакшы болот эле” - деди.
Бул маселени башка депутаттар да айтып чыгышты. Улуттук банктын өкүлдөрү парламентке саат канчага чакырылары тууралуу маалымат кошумча берилери айтылды.
Кыргызстанда акыркы жолу доллардын кымбаттоосу коронавирус пандемиясы башталганда болгон. 2020-жылдын мартына чейин бир нече жыл 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар 85 сомго жетип, бул көрсөткүч акыркы убакта туруктуу кармалып турган.
Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери доллар кайра кымбаттап, бүгүн, 10-мартта акча алмаштыруучу жайларда 104-105 сом болууда. Улуттук банктын бүгүнкү күнгө карата аныкталган расмий курсу 97,69 сом. (RK)
Дагы караңыз
Ошко тынчтык издеп келген орусиялык жаштарМенчик бала бакчалардын баары текшерилетЖККУда кайсы өлкө “көзөмөлдөөчү” болот?Кытай менен сооданын көлөмү калыбына келди