Кыргызстандын аймагындагы менчик бала бакчалардын баары текшерүүдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу 9-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев билдирди. Анын айтымында, текшерүү тууралуу чечим кабыл алууга Бишкектин четиндеги Ала-Тоо конушундагы менчик бала бакчалардын бириндеги окуя түрткү болду:
“Бул окуяга байланыштуу министрлик тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте республикадагы менчик бала бакчалардагы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана лицензиялык талаптарды сактоо боюнча ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү пландоодо”.
Ала-Тоо конушундагы бакчалардын биринде беш жашар наристе сабалганы тууралуу маалымат интернетте тараган.
Министрлик бул бала бакчага лицензия берилбегенин, эгер мыйзамга каршы иш аныкталса ээси жоопко тартыларын, ата-эне баласын менчик бакчага берип жатканда анын документтерин, уруксат кагаздарын текшерип, келишим кабыл алышы керектигин эскертти. (RK)
Дагы караңыз
ЖККУда кайсы өлкө “көзөмөлдөөчү” болот?Кытай менен сооданын көлөмү калыбына келди COVID-19: Бир күндө 20 бейтап катталды, бир адам каза болдуОшко тынчтык издеп келген орусиялык жаштар