Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 10-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2970 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 20 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (12 адам).
Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 691 адам болду.
Кыргызстанда COVID-19дун быйыл январда башталган төртүнчү толкуну февралдын ортосунда басаңдай баштаган. 19-январда катталгандар 870ке жеткен. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)
Дагы караңыз
Москва Украинада бийликти кулатууну көздөбөй турганын билдирдиУкраинанын айрым шаарларында эвакуация үзгүлтүккө учурадыУкраина Орусияны Мариуполдо балдар ооруканасын бомбалады деп айыптадыПарламент Мадумаровго болушту, сот Ураимовду абактан бошотту