Саламаттык сактоо министрлигинин 9-марттагы маалыматына караганда, акыркы суткада коронавирустан дагы бир адам көз жумду.
Расмий эсепте пандемия башталган туура эки жыл ичинде вирустан каза болгондордун жалпы саны 2969 адамга жетти.
Соңку бир күндө вирус дагы 13 адамдан табылды. Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 200 671.
Бир күндө 21 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 146 адам жатат, дагы 244 бейтап үйүнөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 195 734 киши. (BCh)
Дагы караңыз
Кыргызстан хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионатын жеңдиАКШ Орусиянын мунай-газын алууга тыюу салды Бишкекте Мирлан Ураимовду колдогон акция өтүп жатат Украинада 100дөй кыргызстандык калды