Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгы Харьковдун жанындагы салгылашууларда орус армиясынын генерал-майору Виталий Герасимов окко учканын билдирди.
Маалыматка караганда, генерал Орусиянын Борбордук аскердик округунун командачысынын биринчи орун басары жана штаб жетекчиси болчу. Герасимов Чеченстандагы экинчи согушка жана Сириядагы, Крымдын аннексиясы боюнча операцияларга катышкан.
Иликтөөчү-журналист Христо Грозев генералдын каза болгонун орус аскерлеринин өз ара сүйлөшүүлөрү да тастыктай турганын билдирди. Бирок тасма анын колуна кандайча түшкөнү жана чын-бышыгы тастыкталганын жазган эмес.
Орус тарап генерадын өлүмүн расмий ырастаган жок. Кремлчил Телеграм-каналдар Герасимов тирүү экенин, украин чалгынчылары адашып же жалган маалымат таратышы мүмкүн деп жазышууда. Ошол эле маалда генералдын тирүү экенин бышыктаган маалымат дагы чыга элек.
Өткөн жумада социалдык түйүндөрдө Украинада генерал-майор Андрей Суховецкий окко учту деген маалымат тараган. Ал жоготуу дагы расмий тастыкталган эмес.
Дагы караңыз
Amnesty International: кыз-келиндердин укуктарынын абалы былтыр кескин начарладыИран экинчи аскердик спутнигин ийгиликтүү учурганын билдирдиМосква убактылуу "гуманитардык коридор" ачарын билдирдиКиев Москваны "реалдуу гуманитардык коридор" түзүүгө чакырды