Коомдук ишмер Роза Айтматова 85 жашка толду

Роза Айтматова.

Белгилүү коомдук ишмер, Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Роза Айтматова 8-мартта 85 жашка толду. Президент Садыр Жапаров окумуштуу, коомдук ишмер Роза Айтматованы телефон аркылуу куттуктап, активдүү коомдук ишмердүүлүгүн жана маанилүү социалдык, маданий иш-чараларга катышуусун белгиледи. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

"Ал анын атасы, көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмер Төрөкул Айтматов жана агасы, дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерүүлөрүн гезит-журналдардан, интернет сайттарынан өзгөчө кызыгуу, берилүү менен окуганын ыраазычылык менен белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Роза Айтматова физика-математика илимдеринин кандидаты. Ал айымдардын укугун коргоо жаатындагы жарандык лидерлердин бири. Айтматова атасы, 1937-жылы репрессияланган Төрөкул жана агасы, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө эскерүүлөрдү жазып келет. (TSh)