Улан Жусупов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жусупов Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин директору болуп иштеп келген.
Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы элчилик кызматы 2021-жылдын октябрь айынан бери бош турган.
Буга чейин элчи болуп иштеген Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
Дагы караңыз
"Батукаев ишин" кайра кароо кийинкиге жылдыБишкекте Орусияга тилектештик билдирген акция өттүБашкы прокуратура Баткен мэриясында ири жемкорлук аныкталганын билдирдиЖаз жарышы: дыйканды кыйнаган кымбатчылык