Эл аралык кылмыш сотунда Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча угуулар башталды. Москванын териштирүүнү четке какканына, орусиялык юристтердин Гаагага барбай койгонуна карабай, Улуттар уюмунун жогорку соту ишти кароого киришти.
Украина Орусиянын 24-февралда баштаган согуштук аракеттерин дароо токтоттурууну көздөйт.
Киев президент Владимир Путиндин согушту ачуу шылтоосун четке кагууда. Кремль “Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга, жайкын тургундарга каршы бир топ кандуу кылмыштардын алдын алууга” аракет көрүлөрүн билдирген.
Соттун төрагасы, америкалык судья Жоан Донахью Орусия ооз эки териштирүүгө катышпайт деп, трибуналды кабардар кылганын билдирди. Угуулар эки күнгө созулары күтүлүүдө.
Эл аралык укук боюнча эксперттердин айтымында, сот Украинанын өтүнүчүн канааттандырса да, Москванын кол салууну токтотушу күмөн.
Согуш башталгандан бери жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар мерт болду, шаар-кыштактар аткыланып, бомбаланды. Бир жарым миллиондой укрианалык качкынга айланды.
Дагы караңыз
Орусиянын беш облусундагы дрон чабуулу: Бутага мунай базалар алынды "Батукаев ишин" кайра кароо кийинкиге жылдыБишкекте Орусияга тилектештик билдирген акция өттүБашкы прокуратура Баткен мэриясында ири жемкорлук аныкталганын билдирдиЖаз жарышы: дыйканды кыйнаган кымбатчылык