8-марттын аба ырайы

Иллюстрациялык сүрөт.

8-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 6…11;

Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;

Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1 градус.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын ыктымалы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 6…8 градус болот.

Дагы караңыз

Ката кетирген жетекчини жоопко тартпоо сунушталуудаБишкекте "Z" белгиси коюлган автоунааларга айыппул салынуудаБейтааныш аялдын арзуусуNext TV телеканалынын журналисттери сурак берүүдө