Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсүндөгү макулдашууга мүмкүн болбогон чоң маселе - Крым, Донецк жана Луганск боюнча. Бул тууралуу украиналык делегациянын мүчөсү, “Эл кызматчысы” фракциясынын төрагасы Давид Арахамия билдирди.
Анын айтымында, Москва украин бийлигинен Крымдын аннексиясын, “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасын” таанууну талап кылууда.
Орусиянын башка талаптары, тагыраагы Украинанын аскердик нейтралдык макамы тууралуу талабы жөнүндө Арахамия "НАТО өз катарына кошууну жакынкы 5-10 жылда талкуулаганга даяр эместигин", ал эми "Украина уюмга кошулуу үчүн арыз тапшырбай турганын" айткан.
Жекшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Путин аскердик операцияны токтотуу үчүн Киев Орусиянын бардык талаптарын аткарууга, ошондой эле орус аскерлерине каршы согуштук аракеттерди токтотууга тийиш экенин, болбосо аскердик операция аягына чейин улантыларын айткан.
Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда. Киев менен Москванын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы 7-мартта өтөрү кабарланган болчу.
Дагы караңыз
Пенсия курагын жогорулатуу сунушталды Бакай-Ата районунда 2,59 гектар жер мамлекетке кайтарылды“Чыныбай чындыкка берилген адам эле”Украина: Түндүк Корея миңден ашуун аскерин жоготту