Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүндө 2,59 гектар жер мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта Бакай-Ата райондук администрациясынын 1999-жылдагы токтомунун негизинде Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү 2,59 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке бөлүнүп, ага “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалы тарабынан укук берүүчү күбөлүгү даярдалып берилгендиги аныкталганы айтылат.
Аталган факты боюнча райондук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
Мыйзамсыз менчике берилип кеткен жер 7 млн. 770 миң сомго бааланып, жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылган.
Буга чейин Башкы прокуратура Ош облусундагы Кара-Суу районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери 24,5 миллион сомдук жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп бергенин аныктаган.
Дагы караңыз
Таңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Коронавирус он кишиден аныкталып, бир бейтап каза таптыУкраина: Түндүк Корея миңден ашуун аскерин жоготту Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)