Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулунан эң көп жабыркаган Харьков, Чернигов, Мариуполь, Херсон, Гостомель жана Волноваха шаарларына “баатыр-шаар” деген макам берди. Бул тууралуу Зеленский жекшембинин кечиндеги видео кайрылуусунда айтты.
Ал ошондой эле орус күчтөрү менен күрөшүп жаткан бул жана башка бир катар шаарлардын мэрлерине “Эрдик” орденин, айрым облус жетекчилерине Богдан Хмельницкий атындагы орден ыйгарды.
“Биздин баатырлар, биздин баатыр-шаарлар, мен атайын наам ыйгарууну чечтим. Мурда да буга окшош кол салууну жеңгенде боло келгендей”, - деди Зеленский.
Ал соңку кайрылуусунда Орусиянын чабуулдарынан Украинада жөн-жай тургундар каза таап жатканын белгилеп, Батыштын Москвага каршы санкциялары жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.
Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда. Киев менен Москванын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы 7-мартта өтөрү кабарланган болчу.
Дагы караңыз
Netflix жана TikTok Орусиядагы бир топ кызматтарын токтоттуБольшой театрынын дирижёру Украинадагы согуштан улам иштен кеттиБлинкен: АКШ Орусиянын мунайына тыюу салууну караштыруудаОрусияда согушка каршы акцияларда 4,8 миңдей киши кармалды