Орусияда Zara, Pull&Bear, Massimo Dutti, Bershka жабылууда

Zara, Pull&Bear, Massimo Dutti, Berska сыяктуу белгилүү кийим-кече дүкөндөрүнүн тармактарына ээлик кылган Испаниянин Inditex компаниясы Орусиядагы 502 дүкөнү жабыла турганын билдирди.

"Бул өлкөдөгү инвестициянын жалпы көлөмү Inditex үчүн каржылык жактан маанилүү эмес", - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Inditex мындай чечимди Орусия Украинага басып киргенден он күндөн соң кабыл алды.

Компанияда орусиялык 9000 кызматкер иштейт. Аларды колдоо боюнча атайын план иштелип чыгары айтылды.

Орусиянын Украинадагы агрессиясынан улам буга чейин эл аралык бир топ компаниялар бул өлкөдө ишмердигин токтоткон.

Дагы караңыз

Booking.cоm Орусияда жана Беларуста ишин токтоттуОмбудсмен Next TV каналына байланыштуу тынчсыздануусун билдирдиNext TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев эки айга камалдыТалибдердин министри Хаккани биринчи жолу жүзүн ачык көрсөттүБишкек орус-украин кризисине байланыштуу сүйлөшүүлөргө аянтча сунуштады