Бишкектеги акцияда кармалган жаран "бейбаштыкка" шектелүүдө

Иллюстрация.

Бишкекте Украинадагы согушка каршы акция маалында кармалган жарандын абалынан Акыйкатчы кеңсесинин кызматкерлери кабар алды. Бул тууралуу омбудсмен Атыр Абдрахматова билдирип, бөгөт чарасы 6-мартта караларын айтты.

5-мартта жарандык активисттер тобу Украинадагы согушка каршы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдына акцияга чыгышкан. Алардын бирин Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери кармап кеткен бойдон бошотпогонун "Кылым шамы" адам укугун коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова кабарлаган. Кийинчерээк кармалган адам Мирлан Атакозу-теги аттуу жаран экендиги маалым болгон. Анын иши Жоруктар кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) менен тергелүүдө.

Шаардык жана райондук милиция бөлүмдөрү буга азырынча комментарий бере элек.

Бишкекте жана Ошто буга чейин да Украинадагы согушту токтотуу чакырыгы менен акциялар уюштурулган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага басып киргенден бери өлкөнүн бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Жүздөгөн адамдар курман болду.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде Орусиянын агрессиясына каршы акциялар өтүүдө.

Дагы караңыз

Орусия менен Украинанын кийинки сүйлөшүүсү 7-мартка белгилендиМариуполдо тургундар шаардан чыга албай калды Зеленский орус аскерлери үчүнчү АЭСке жакындашканын билдирдиТатарстандагы түрк жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты