Орусиянын Татарстан жумуриятындагы «Гемонт» заводунун жумучулары айлык акыны 24-февралга чейинки курс менен төлөнүшүнө каршылык билдирип чыгышты.
5-марта жергиликтүү бийлик билдиргендей, заводдун жумушчулары айлык акыны азыркы курс менен төлөп беришин талап кылышкан. Учурда бир доллар 111 рублга бааланып жатат. Ал эми бир апта мурда бир доллар 79,5 рубль турган.
Украинага кол салганы үчүн Батыш Орусияга киргизген санкциялардан улам рублдын куну болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетти.
Gemont — Орусияда жергиликтүү энергетикалык компаниялар менен өнөктөштүктө 2014-жылдан бери иштеп келет. Ал курулуш материалдарын чыгарат.
Дагы караңыз
Путин "фейк маалымат" тараткандарга каршы мыйзамга кол койдуРосавиация авикомпанияларга чет жакка учпай турууну сунуштадыУкраинадагы согушка каршы Бишкекте акцияга чыккандар кармалганы кабарланды