Украинанын Львов шаарынан Кыргызстандын 35 жараны, арасында 13 бала Польшага эвакуацияланды. Алар атайын уюштурулган автобуста Украинадагы кыргыз элчилигинин кызматкерлеринин коштоосунда 5-март күнү түштөн кийин жөнөп кетишти.
Буга чейин ондогон кыргызстандыктар Киевден Венгрияга эвакуация болгон.
Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идирис Кадыркулов бул өлкөдөгү кыргыз жарандарына кайрылып, +380997573413 (элчи) жана +380507763494 (кеңешчи) номурлары аркылуу байланышка чыгууга чакырууда.
Кыргызстандыктар Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуация болуп жатат. Алардын алгачкы бөлүгү 5-6-мартта Бишкекке учуп келери кабарланган.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага басып киргенден бери өлкөнүн бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Жүздөгөн адамдар курман болду.
Бул арада 1 млн. 200 миңден ашуун адам Украинадан сыртка чыгып кеткенин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча агенттиги кабарлаган.
Дагы караңыз
Украинада гуманитардык коридордо жарандарды эвакуациялоо планы ишке ашпай калдыБишкек орус-украин кризисине байланыштуу сүйлөшүүлөргө аянтча сунуштадыОрусия Кыргызстандан жер-жемиш ташууга уруксат берди