Москвада кыргыз жана орус тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтүп жатат

Лавров жана Казакбаев. Архивдеги сүрөт.

Москвада кыргыз жана орус тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавровдун жолугушуусу өтүп жатат. Казакбаев орус тараптын чакыруусу менен 5-мартта барды.

Кыргыз министри эки өлкө ортосундагы өз ара түшүнүү жана бири-бирин колдогон мамиле достук алаканын өсүшүн шарттай турганын белгиледи.

Сергей Лавров министрликтердин ортосунда кезектеги программага ушул күнү кол коюларын, ал документ келечек пландарды аныктай турганын айтты.

Расмий кабарга ылайык, бул жолугушуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака орнотулганынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Визиттин жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсүнө жана Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2022-2024-жылдардагы кызматташтык программасына кол коюларын расмий Бишкек 4-мартта билдирген.

Дагы караңыз

Орусия украин тарапка биринчи жолу гуманитардык коридор бердиBooking.cоm Орусияда жана Беларуста ишин токтоттуОмбудсмен Next TV каналына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди