Орусия басып кирген 24-февралдан 4-мартка чейин 1 млн. 200 миңден ашуун адам Украинадан сыртка чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча агенттиги кабарлады.
Качкындардын көпчүлүк бөлүгүн Польшада жана Молдова кабыл алды. Мындан сырткары Румыния, Венгрия, Словакияга да көп тургундар чыгып кетишкен. Качкындар андан ары башка мамлекеттерге да өтүүдө.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Салгылашууда жүздөгөн адам каза болгону кабарланууда. (ErN)
Дагы караңыз
Улуттук банк валюта базарына дагы 55,35 миллион доллар чыгардыНАТО учактарын жана аскерлерин Украинага жөнөтпөй турганын билдирдиNext TV телеканалынын кабарчысы Перизат Саитбуркан кызы суракка чакырылды