5-мартта тоолуу райондордо кар жаайт

Ошто тоо бооруна ачылган гүл. Март, 2022-жыл.

5-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,

Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13,

Нарын жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз 0...-5°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 4…6, күндүз 18…20 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Путинге жакын өзбек олигархтары жана катаал санкциялар Түркияда кыргызстандык келин киши колдуу болдуКыштагын коргогон 81 жаштагы карыяАКШ Путиндин айланасындагы олигархтарга санкция салды