Машинеден 1 млн. сом уурдоого шек саналган киши кармалды

Кылмышка шектүү.

Бишкек шаардык милициясы автоунаадан 1 млн. сом уурдоого шек саналган киши колго түшкөнүн билдирди.

Кылмыш 23-февраль күнү күндүз саат экилер чамасында Гагарин менен Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Токтоп турган "Тойота" үлгүсүндөгү унаадан 1 млн. 53 миң 500 сом салынган капчык уурдалган.

Бишкек шаардык жана Ленин райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган М.Р. кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

Бишкек шаардык милициясы иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран башка кылмыштарга катышканы аныкталганын кабарлады.

Дагы караңыз

Кыргызстанда соттордун XII курултайы өтүп жататСанкциялардын Кыргызстанга таасири: экономикадан киного чейин Коронавирустан өткөн суткада эки адам каза таптыТИМ: Украинанын элчилиги күнүмдүк ишин улантууда