ТИМ: Украинанын элчилиги күнүмдүк ишин улантууда

ТИМ.

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги күнүмдүк ишин улантууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

Анын айтымында 3-мартта тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Украинанын элчиси Валерий Жовтенко менен жолугуп, Украинадагы учурдагы кырдаалды талкуулаган.

Кыргызстан мындан ары курмандыктарга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн аскердик жаңжалды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана нормаларынын алкагында токтотууну жактарын билдирген.

Чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттарын айткан.

Сүйөркулов Кыргызстандын Украинадагы элчилиги ал өлкөдөгү кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча бардык тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын кабарлаган.

1-мартта Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алган. Украинанын президенти Владимир Зеленский буга "Кыргызстан Орусиянын Украинадагы агрессиясын актаганы себеп болгонун" билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги элчини кеңешүүгө чакыртып алуу ар бир өлкөнүн укугу деп комментарий берген.

Дагы караңыз

Бишкекте хоккей боюнча чемпионат башталды Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Украинага Орусияны ракета менен атууга уруксат берилген жокАЭСке жасалган чабуулдан улам Зеленский чукул кайрылуу жасады