Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Запорожье атомдук электростанциясын аткылап жатканын билдирди.
Бул тууралуу ал «Твиттерге» жазды.
«Өрт тутанды. Эгер ал жарылса, Чернобылдан он эсе жаман алаамат болот. Орусия токтоосуз аткылоону токтотуп, өрт өчүрүүлөргө жол ачып бериш керек»-деген Кулеба бул Европадагы эң ири атомдук электростанция экенин кошумчалады.
Russian army is firing from all sides upon Zaporizhzhia NPP, the largest nuclear power plant in Europe. Fire has already broke out. If it blows up, it will be 10 times larger than Chornobyl! Russians must IMMEDIATELY cease the fire, allow firefighters, establish a security zone!
— Dmytro Kuleba (@DmytroKuleba) March 4, 2022
Маалыматты станция жайгашкан Энергодар шаарынын мэри Дмитрий Орлов дагы ырастап, "дүйнө коопсуздугуна коркунуч жаралганын" жазды.
Аталган АЭСтин маалымат катчысы Андрей Туз билдиргендей, орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан өрт өчүрүүчүлөр станцияга жакындай албай турушат.
Буга чейин Энергодар шаарынын тургундары жолдорду тороп, орус аскерлерин киргизбөө аракетин көрүп келишкен.
Дагы караңыз
Украинанын бир нече шаарында салгылашуулар улануудаАКШ Путиндин айланасындагы олигархтарга санкция салды