Акылбек Жапаров Орусиянын премьер- министри менен телефондон сүйлөштү

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын премьер министри Михаил Мишустин менен 3-мартта телефондо сүйлөштү.

Кыргыз тарап тараткан расмий маалыматта Жапаров Мишустинди туулган күнү менен куттуктаганы айтылат. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтык талкууланганы белгиленген.

Эки мамлекеттин өкмөт башчыларынын бул сүйлөшүүсү Орусия Украинага басып кирип, дүйнө өлкөлөрүнүн көбү Москванын кадамын сындап турган учурга туш келди.

Дагы караңыз

УКМК академиясынын имараты курула баштадыУкраина: элчилик 36 жаранды Венгрияга эвакуацияладыУкраинадагы согуш кантип токтойт?Армениянын парламенти өлкөнүн бешинчи президентин шайлады