УКМК академиясынын имараты курула баштады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясынын имараты курула баштады. 3-мартта пайдубалына атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда капсула салынганы расмий кабарланды. Маалыматта имарат кайсыл жерге салынып жатканы көрсөтүлгөн эмес.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын декабрында Жалал-Абаддагы сапарында УКМКнын академиясынын административдик окуу корпусун, киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун имараттарын куруу пландаштырылып жатканын айткан. Ал кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу институтунун базасында болору кабарланган.

1993-жылдын 19-апрелинде Улуттук коопсуздук министри генерал-лейтенант А.Бакаев буйругу менен министрликтин алдында атайын окуу түзүмү негизделген. Кийинчерээк Жогорку курс, андан соң Окуу борбору деп аталып келди.

Өкмөттүн 2011-жылдын 28-мартындагы токтомуна ылайык, А.К.Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту деген макамга ээ болгон.

УКМКга иштегендердин көбү ушул институтта кайра даярдыктан өтөт.

Дагы караңыз

Украина: элчилик 36 жаранды Венгрияга эвакуацияладыАрмениянын парламенти өлкөнүн бешинчи президентин шайладыРумынияда истребителди издеген тик учак кулап, жети адам каза болдуМАГАТЭ башчысы Иран бийлиги менен өзөктүк келишим боюнча сүйлөшөтБишкекте IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды