Ош шаарындагы көпчүлүк банктарда рубль сатылбай жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" кайрылган жарандар билдирип, Орусиядан жакындары которгон акчаларды банктар сом менен гана берип жатканын айтышты.
"Азаттыктын" кабарчысы бир катар банктарга кайрылып, адистерден "кассада рубль жок" деген жооп алды.
Орусия Украинага басып киргенден бери орус рубли наркын жогото баштаган. Кыргызстанда да арзандап, учурда коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу менчик күркөлөрдө 1000 сом 850 рублга барабар болууда.
Улуттук банктын расмий эсебинде рубль 3-мартта дээрлик 11% арзандап, 1 рубль - 92 тыйынга барабар деп көрсөтүлгөн. (AAb)
Дагы караңыз
TYVcoin кирешеби же алдамчылыкпы?Орус жана беларус оюнчулары Бээжиндеги Паралимпиада оюндарынан четтетилдиМинистрлик чет жактагы операцияларга катышуу тууралуу маалыматты четке какты Бийчи Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү кечирим сураганын билдирди