4-мартта айрым аймактарда 18-20 градус жылуу болот

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында өрүк, бадам бүчүр байлап, гүлдөй баштады.

Кыргызгидромет борбору 4-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлерине кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 13...18,

Талас облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 11...16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 7...12,

Нарын жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз 1...6,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20...-25, күндүз -2...-8°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 1…3, күндүз 15…17° жылуу болот.

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш өкмөттүн кризиске каршы планын жабык эшик артында угуудаТаластын айрым тургундары сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылышты"Эхо Москвы" радиосу жана сайты жабылдыОшто айыл-чарба жарманкеси өтүүдө