Коронавирус 20 кишиден табылды

Кыргызстанда 3-мартка карата коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 200 миң 576га жетти.

Акыркы суткада коронавирус 20 адамдан аныкталды. Азыркы тапта ооруканаларда 169 адам жатат, алардын 24үнүн абалы өтө оор, 68инин абалы оор деп бааланууда. 403 адам үй шартында дарыланууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты.

Бустердик (үчүнчү) доза 120 миңден ашык адамга сайылды.

Дагы караңыз

Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Таңкы Азаттык Жонсон: 38 өлкө Орусияга каршы Эл аралык сотко кайрылдыГрузия Евробиримдикке кирүү арызын Брюсселге жолдойт