Киев менен Харьковго ракета атылды

Харьковдогу артиллериялык аткылоого кабылган окуу жайдын имараты, 2-март 2022-жыл.

Шаршембинин кечинде орус күчтөрү Украинанын баш калаасы Киевге жана Харьков шаарына сокку урууну улантты. Анын алдында эки шаарда тең аба соккусу болорун эскерткен сиреналар жаңырган болчу.

“Настоящее время” телеканалы күбөлөргө шилтеме кылып билдиргендей, Харьковдогу аскердик жабдыктарды жана электроника товарларын чыгарган заводдун аймагында жарылуу болду. Телеграмдагы айрым каналдар Харьковдо эки ракета жергиликтүү коргонуу кошуундарынын штабына тийгенин кабарлап жатышат.

Киевде Украинанын абадан коргонуу күчтөрү орус армиясы учурган канаттуу ракетаны атып түшүрдү. Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко билдиргендей, бул ракета Киевдеги аскердик күчтөрдү башкаруу борборлорунун бирине багытталган жана ракетанын калдыктары шаардагы жылуу суу түтүктөрүнө зыян келтирген.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597и жаракат алганын 2-мартта моюнга алды.

Дагы караңыз

БУУга мүчө-өлкөлөр Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюцияны жактырдыАбрамович “Челси” футбол клубун сатууну чечтиОрусия 500дөй аскери өлгөнүн моюнга алдыУкраин бийлиги эки миңдей жайкын тургун каза болгонун билдирди