Украин-орус сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы да Беларуста өтөт

Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн 1-раунду. 28-февраль, 2022-жыл.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөшүүсү 2-марттын кечинде Беларустун аймагында өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Алексей Арестович билдирди.

Мурдараак Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Киев ок атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин билдирип, бирок алар Орусиянын талаптарына макул болбой турганын айткан. Ал Москва Украинанын бийлигинен Крымдын аннексиясын, “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасын” таанууну жана толугу менен куралсызданууну талап кылып жатканын билдирген.

1-марттын кечинде CNN телеканалына жана Reuters жаңылыктар агенттигине курган маегинде президент Владимир Зеленский ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталганга чейин Орусия Украинанын шаарларын бомбалоону токтотушу керек экенин айткан.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 28-февралда украин-беларус чек арасында өткөн. Тараптар анда бир пикирге келе алышкан эмес. Айрым чечимдер такталганын, калганын өз жетекчилери менен кеңешүү үчүн артка кайтып жатканын билдиришкен.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. (ErN)