Байсалов Кыргызстан дагы үч миң жыл БУУнун мүчөсү бойдон каларын айтты

Эдил Байсалов.

Бишкекте 2-мартта БУУ менен кызматташтык, уюмдун 2023-2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүүсү боюнча жыйыны өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, анын орун басары Эдил Байсалов баштаган өкмөт өкүлдөрү катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн учурда Байсалов БУУ менен кызматташтык мындан ары уланарын айтты:

"Биздин өлкөнүн БУУга мүчө болгонуна 30 жыл толду жана бул убакыт аралыгында жарандардын жаңы мууну өсүп чыкты. Биз жаш, намыстуу жана алга умтулган өлкөбүз. Калкыбыздын үчтөн экисинен ашууну – отуз жашка чейинки жаштар. Ошондуктан, эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылдык жыйынтыгын белгилеп жатып, биздин элибиз өзүнүн эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн жогору баалап, кийинки үч миң жылда БУУга мүчө болуп кала берет деп айта алабыз", - деген Байсалов.

Кыргызстан 1992-жылы 2-мартта Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынган.

Дагы караңыз

Мамлекеттик телеканалдарды менчикке өткөрүү маселеси көтөрүлдүОрусия Украинанын Херсон шаарын басып алганын жарыяладыМигранттар Украинадагы согушка тартылып жатабы? Украинадагы абал Кыргызстандын дары-дармек базарындагы жагдайды оорлотту