Харьковдун борбордук бөлүгүнө чабуул жасалды

Харьков университетинин күйүп жаткан имараты.

Украинанын Харьков шаарына урулган соккудан полициянын облустук башкармалыгынын жана Коопсуздук кызматынын имараттары зыян тартты. Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо Харьков университетинин имараты күйүп жатканын көрүүгө болот.

Облустук администрациянын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, акыркы суткада шаарда 21 адам каза болгон. Түндө орус авиациясы Харьковдогу аскердик окуу жайды жана Чугуевдеги аэродромду бомбалады. Бир күн мурун шаардын борбордук аянтындагы облустук администрациянын имаратына сокку урулган. Украинанын президенти Владимир Зеленский муну “террордук акт” деп атаган.

Харьковогу соккулар тууралуу орус тараптан комментарий боло элек.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду.

Дагы караңыз

Apple Орусиядагы ишин токтотуудаБайден: Орусияга каршы дагы катаал санкциялар киргизилетКыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жол картасына кол койдуКиевдин айрым райондоруна сокку урулуп жатат