COVID-19: эки адам каза болуп, 29 жаңы учур аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2-мартка карата коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 200 миң 556ге жетти, оорудан 2958 адам көз жумду.

Акыркы суткада коронавирустан эки бейтап каза таап, 29 адамдан аныкталды. Ушул тушта ооруканаларда 161 адам жатат жана алардын 19у оор абалда. 491 адам үй шартында дарыланууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты.

Бустердик (үчүнчү) доза 120 миңден ашык адамга сайылды.

Дагы караңыз

Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Украин кризиси: Кыргызстанды тооруган тобокелдиктерТаңкы Азаттык Киевдин айрым райондоруна сокку урулуп жатат