Президент Владимир Зеленский ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталганга чейин Орусия Украинанын шаарларын бомбалоону токтотушу керек экенин билдирди. Ал бул тууралуу 1-мартта Киевдеги бункерде CNN телеканалына жана Reuters жаңылыктар агенттигине курган маегинде айтты.
Зеленский катуу кайтарылган бул бункерден Украинанын куралдуу күчтөрүн башкарып жатат. Анын сөзүнө караганда, орус күчтөрү Украинанын шаарларына сокку урууну улантып жаткан маалда сүйлөшүүлөрдө орчундуу жылыш болбойт.
“Жок дегенде элди бомбалаганды токтотуу керек, болгону бомбалоону токтотуп, сүйлөшүү столуна отуруу керек”, - деди Зеленский.
Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 28-февралда украин-беларус чек арасында өткөн. Бирок андан кандай жыйынтык чыкканы расмий айтыла элек. Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы 2-мартка белгиленгенин жазып жатышат.
Украин президенти Зеленский соңку интервьюсунда НАТО өлкөлөрүнө кайрылып, Орусиянын аба соккуларын токтотуу үчүн Украинанын территориясында “учууга тыюу салынган аймакты” түзүүгө көмөктөшүүгө чакырды.
1-марттын кечинде Зеленский АКШнын президенти Жо Байден менен сүйлөшүп, коопсуздук тармагында жана гуманитардык маселелерде Украинага жардам көрсөтүү жолдорун талкуулаганы белгилүү болду.
Орусиянын Украинадагы чабуулу 24-февралдан бери уланып жатат. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. Орус армиясы жайкын тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагууда.
Дагы караңыз
Киевдин айрым райондоруна сокку урулуп жататПутин Орусиядан 10 миң доллардан көп акча алып чыгууга тыюу салдыОрусия “Дождь” каналынын жана “Эхо Москвы” радиосунун сайтын жаптыЕвропарламент Украинага ЕБге кирүүгө талапкер өлкө макамын бердиОрусия күчтөрү Киевде телемунарага сокку урду