Зеленский Харьковдогу аткылоодон кийин Орусияны “террор-мамлекет” деп атады

Харьков шаарындагы бомбаланган турак жайлар. 1-март, 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-мартта экинчи жолу видео кайрылуу таратып, орус аскердик күчтөрү Харьков шаарына интенсивдүү аткылоого дуушар болгонун билдирди. Ал Харьков шаары реактивдүү жана канаттуу ракеталык аткылоолорго кабылып жатканын айтып, муну ачыктан-ачык жасалып жаткан "террор" деп атады.

Зеленский ага барып жаткан Орусияны “террор-мамлекет” деп атап, аны “эч ким эч качан кечире албай турганын” кошумчалады.

28-февралда жана 1-мартта Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын бомбалады. Артиллериялык жана ракеталык аткылоо да уланууда. Интернетте тараган видеодо атылган ракета шаардын администрациясынын жанында жарылганын көрүүгө болот.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жасалууда. 1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды. (ErN)

Дагы караңыз

Оң рулдуу автоунааларга уруксат берүү талабы күчөдү Украина Кыргызстан менен Грузиядагы элчилерин кеңешүүгө чакыртып алдыЖанарбек Акаев "Альянс" фракциясынын лидери болуп шайланды