“Т-Медиага” телефондон опуза кылган адам кармалды

“Т-Медианын” эмблемасы түшүрүлгөн калпактар жана басылма тууралуу маалыматтар камтылган кагаз.

Оштогу “Т-Медиа” маалымат порталына телефон чалып, коркуткан адам кармалды. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну экенин аталган редакция милицияга таянып билдирди. Кармалган жаран жоругуна өкүнүп, журналисттерден кечирим сураган. Ал кандай максатта чалганы, эмне үчүн мындай кадамга барганы тууралуу айтыла элек.

19-февралда "Т-Медианын" кызматтык телефонуна белгисиз адам байланышып, редакциянын кызматкерлери тууралуу маалымат сураган жана "кеңсеңерди өрттөп кетем” деп коркуткан.

Редакциянын директору Жаныбек Деркенбаев ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазган.

“Т-Медиа” басылмасы Ошто бир катар иликтөөлөрдү жарыялап, коомдук-саясий окуяларды түз ободо чагылдырат. (AAb)

Дагы караңыз

Комитет акыйкатчы кызматына дагы үч кишинин талапкерлигин жактырды Украинада урушта ок тийген балдарАт-Башы: мал базарга байланган элет турмушуКоммунисттерге тилектеш Болгариянын коргоо министри отставкага кеттиСанкциялар жана эл аралык изоляция