Ошто жеке адамдарга өтүп кеткен көрүстөнгө таандык үч гектар жер мэрияга кайтарылды. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаты Арыпбек Айтбаев “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылы Кайырма тилкесиндеги көрүстөнгө тиешелүү 12 гектар жердин үч гектарын жеке адамдарга берүү боюнча мэриянын токтому чыккан. Айтбаев быйыл 10-февралдагы сессияда жерди кайтарып алууну мэриянын тиешелүү өкүлдөрүнөн сураган. Анын негизинде комиссия түзүлүп, жер мэриянын балансына өткөрүлгөн.
Маалыматты мэриядан тастыкташып, үч гектар жерге байланышкан маселе 2017-жылы мамлекеттик каттоо кызматындагы техникалык мүчүлүштүктөн улам жаралганын билдиришти.
Жерди алган жарандар турак жай курууга да үлгүргөн. Учурда мэрия эки үйдүн ээси менен соттошууда. (ArN)
Дагы караңыз
Украинадагы кыргыздар: Сыртка чыкпай жашынып отурабызУкраинадан 114 кыргызстандык чыгарылдыУкраина: Түндүк Корея миңден ашуун аскерин жоготту