2021-жылы импортко Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында бюджетке 34 млрд. 557 млн. сом кыйыр салык чогултулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
2021-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ташылып келген товарларды эсепке алууну камсыз кылган "Жыйынды пост" маалыматтык системасы иштеп баштаган. Ал учурда "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Ак-Жол", "Чоң-Капка" чек ара бекеттеринде, Аламүдүн, Кара-Балта, Бишкек - 1, Кара-Суу, Маймак темир жол станцияларындагы, Ош жана "Манас" аэропортторундагы товарларды эсепке алуу пункттарында иштеп жатат.
25-февралда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде жүк өткөрүүдөгү коррупциялык схемага шек саналып Мамлекеттик салык кызматынын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалган.
Статистикага ылайык, Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы жана салык тармагындагы чийимдерди аныктап, экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун эсебинен 2024-жылга чейин консолидацияланган бюджетти 600 миллиард сомго чейин чыгарууга убада берген.
Дагы караңыз
Коммунисттерге тилектеш Болгариянын коргоо министри отставкага кеттиАт-Башы: мал базарга байланган элет турмушуТаңкы Азаттык (3-чыгарылыш)COVID-19: бир адам каза болуп, 27 адамдан жаңы аныкталды