АКШ менен Борбор Азиянын башкы дипломаттары Украинадагы кырдаалды талкуулашты

“C5+1” форматындагы онлайн сүйлөшүү.

28-февралда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөштү. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик департаменттин сайтында жарыяланды.

“Мамлекеттик катчы Блинкен Орусиянын Украинага алдын ала ойлонулган, эч негизи жок жана актоого мүмкүн болбогон чабуулун катуу айыптады жана Украинанын элине бекем тилектештигин билдирди”, - деп айтылат расмий маалыматта.

Мындан тышкары Блинкен АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн эки тараптуу алакасына 30 жыл болгонун эске салып, Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айткан. Ошондой эле регион менен “C5+1” форматындагы кызматташтыктын маанисин белгилеген.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Борбор Азия менен АКШнын тышкы мекемелеринин ортосунда “C5+1” форматындагы онлайн жолугушуу өткөнүн, анда Украинадагы кырдаал талкууланганын билдирген. Маалыматка ылайык, бул жыйында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөр башталганын кубаттап, тараптарды натыйжалуу диалогдун жаңы форматын табууга чакырган.

Орусиянын аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Андан бери Украинанын Киев, Харьков сыяктуу бир катар шаарларында куралдуу кагылышуулар уланып жатат.

Дагы караңыз

Орусиянын БУУдагы 12 дипломаты персона нон-грата деп жарыяландыЗеленский Украинанын Евробиримдикке кирүү арызына кол койдуТүркия орус аскердик кемелеринин Кара деңизге өтүшүн чектейтФИФА менен УЕФА Орусияны эл аралык оюндардан четтетти