АКШ Орусиянын Борбордук банкы менен Финансы министрлигине санкция салды

АКШнын Финансы министрлиги - башкы казыначылыктын логотиби.

Кошмо Штаттар Орусиянын Борбордук банкына, Финансы министрлигине, Улуттук бакубаттуулук фондуна, Түз инвестициялар фондуна санкция салды. Жаңыртылган санкциялык тизме АКШнын Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.

Талапка кылайык, эми Орусиянын Борбордук банкы менен Финансы министрлиги АКШдагы доллар түрүндөгү активдерин иштете албайт.

Орус аскерлеринин Украинага кол салуусуна байланыштуу буга чейин Европа Биримдиги дагы Орусиянын Борбордук банкына санкция салып, анын эл аралык резервдерине бөгөт койгон. 25-февралга карата Орусиянын улуттук каржы мекемесинин валюталык резервинде 500 млрд. доллардай каражат бар экени белгилүү болгон.

Орусиянын Борбордук банкы өлкөдө акча-насыялык жана валюталык саясатты жүргүзөт. Рублди туруктуу кармоо үчүн мекеме долларды, еврону же башка валютаны өз рыногуна сатыкка чыгаруу менен иш алып барат. Соңку санкциялар мекеме мындан ары чет элдик валюталарды сата албай калат дегенди түшүндүрөт.

Бул чаралардын фонунда Орусиянын улуттук валютасы – рублдин чет элдик валюталарга карата катышы тарыхый максимумга чыкты. 28-февралда Москвадагы биржаларда 1 АКШ доллары 100-110 рублдин тегерегинде, 1 евро 115-120 рублдин айланасында сатылып жатат. Акча алмаштыруучу жайларда, онлайн сатыкта мындан да кымбаттады. Орусия Украинага кол салганга чейин 1 доллар 80 рублге чейин, евро 90 рублге чейин бааланчу.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды. Украин тарапта курмандыктар жүздөп саналат. (ErN)