Орусияда банктарда дүрбөлөң башталды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын улуттук валютасы – рублдин чет элдик валюталарга карата катышы тарыхый максимумга чыкты. 28-февралда Москвадагы банктарда 1 АКШ доллары 100-110 рублдин тегерегинде, 1 евро 115-120 рублдин айланасында сатылып жатат. Орусия Украинага кол салганга чейин 1 доллар 80 рублге чейин, евро 90 рублге чейин сатылчу.