Бишкекте Украинага тилектештик акциялары уланууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 28-февралда бул мамлекетти колдогондордун тилектештик акциясы өттү. “Украинага даңк!” деген жазууларды көтөргөн Бишкектин тургундары Орусия бийлигинин соңку кадамдарын сындап, украин жергесине тынчтык каалады. Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко да бул күнү маалымат жыйынын өткөрүп, соңку окуялар кыргыз-украин алакасына кедергисин тийгизбей турганын, алдыда экономика жаатындагы кызматташуу боюнча бир катар пландар бар экенин билдирди.